Аксы районунда сел агызып кеткен 3 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Кыздын сөөгүн бүгүн, 14-июлда саат 10:30дарда жергиликтүү тургундар табышкан.

Учурда 5 жаштагы баланы издөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 12-июлда Аксы районунда сел жүрүп, Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарында 8 кишини агызып кеткен. Алардын ичинен 6 кишинин сөөгү табылып, 2 жаш бала табылбай жаткан.

12-июлда райондук акимдин буйругу менен Жаңы-Жол жана Ак-Жол айыл аймактарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.