Москва шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда болгон массалык мушташтын катышуучуларына депортациялоо жазасы колдонулат. Ошондой эле аларга айып салына турганын Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул жаңжалдан кийин полициянын аймактык бөлүмүнө жалпы 103 адам жеткирилген.

Москва шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары мушташканын  «РЕН ТВ» телеканалы билдирди.

11-июлда Химки шаарында Кыргызстандын 2 жараны бычактын мизинен жаракат алышкан. Алардын шериктери өч алууну көздөп, кол салгандарды кечки саат жетиге Москва шаарынын Кузьминка району тарапка чакырышкан. Бирок ал учурда эч нерсе болгон эмес.

Болжол менен түнкү саат он экиде «Кузьминка» станциясынын жанында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда массалык мушташ чыккан. Мушташка болжол менен 180 адам катышкан.

Полиция 94 кишини кармады, калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
«Эки адам жабыркаган, алар ооруканага жеткирилди», – деп билдирди «РЕН ТВ».