Токиодо өтчү Олимпиададан алтын уткандарга 10 миллион, күмүшкө 7 миллион, коло байге үчүн 5 миллион сом берилет.

Ал эми башкы машыктыруучусуна спорчтуга берилген сый акынын 30 пайызына, улук жана жеке машыктыруучусуна 25 пайызына барабар суммада төлөнөт. Ал эми биринчи машыктыруучусу менен дарыгерине 10 пайыз өлчөмүндө сый акы берилет.
Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу жолдомо алган. Дагы бир спортчу Паралимпиадага лицензия уткан.