Лейлек РИИБнин милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу максатында Катраң айыл аймагындагы суу жээгинде, кароосуз калган жерлерде өскөн кара куурайларды оруп өрттөшүүдө.

Бул жапайы өскөн кара куурайлар баңги катарында колдонулуп, өлкөнүнүн туруктуулугуна, коомдун жана жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Ошондуктан бул иш-чаранын максаты элдин арасында баңгиге каршы үгүттөө жана банги каражатын колдонууга жол бербөө болуп саналат.

Жалпысынан Катраң айыл аймагынан 50 сотых жер иликтенип чыгып, 1 тоннадан ашуун жапайы өскөн кара куурай өрттөлүп жок кылынды.
Бул “МАК-2021” иш-чарасынын II этабы болуп саналат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы