Сабиздин баасы турукташып баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы сабиздин базарларда болушу менен, ошондой эле мамлекеттик агенттик тарабынан базарда жүргүзүлүп жаткан иштерге байланыштуу, базарындагы сабизге болгон баа турукташтырыла баштаган. Жашылчалардын баасы акырындап арзандап жатат.

«Азыр «Сары-Өзөн» базарында жуулган сабиздин килограммы 50 сомдон, жуулбаган сабиз 45 сомдон сатылууда. Соода борборлорунда да арзандады, ал эми базарларда 60-70 сом болууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Жашылча-жемиш жана малга тоют сатуучу базарлар атаандаштыкка жөндөмдүү жана монополиялык структуралары жок экендиги белгиленди.