Мындай пикирин Тургунбай Алдакулов КР эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов агайга арнап, Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Гапыр агайыбыздай өз ишин сүйгөн, өз өлкөсүнө күйгөн адамдар көбүрөөк болгондо учурдагы көптөгөн проблемалар камырдан кыл суургандай оңой эле чечилип баштамак.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз.

«Залкар, кеменгер деген улуу сөздү татыктуу инсандарга арнайлы»

«Кылым залкары», «Доор жетекчиси» деген наамдарды ойлоп таап, төш белгилерин чыгарып көрүнгөн кишиге тага берип сыйлыктын да, сөздүн да баркын кетирдик. Бирок чыныгы татыктуу адамды мына ушул сөздөр менен алкаганда сөздүн көркү чыгып, адамдын да ажары ачылат экен.

Өлкөнүн эң четки айылында, шарты катаал, чек ара чыры басылбаган жерде эксперименталдык гимназия мектебин ачып, өмүр бою бала тарбиялоого убактысын, энергиясын арнаган инсанды кеменгер деп айтпаганда кимди айтабыз? Борбор калаадан 1200 км алыста жашап (мындан алыс айыл жок Кыргызстанда!) окуткан окуучулары республикалык олимпиадаларда, ЖРТда мыкты жетишкендиктерге ээ болуп келе жаткан Гапыр агайыбыздын ийгилик сырлары акыркы беш жылдан бери жалпы өлкө боюнча өзгөчө кызыгууну пайда кыла баштады.

Агай менен өткөндө Чаткалда сапарда чогуу болуп, кечээ Лейлектин керемет жайлоосунда чогуу эс алып, агайдын ажайып жан дүйнөсүнө, шакирттерине, мугалимдерге жасаган мамилесине, педагогикалык жана жетекчилик чеберчилигине там берип бүтө албай атам. Гапыр агайыбыздай өз ишин сүйгөн, өз өлкөсүнө күйгөн адамдар көбүрөөк болгондо учурдагы көптөгөн проблемалар камырдан кыл суургандай оңой эле чечилип баштамак.

Гапыр агайдын инсандык, новатордук өзгөчөлүгү жөнүндө сөз оголе көп. Мен анын үчөөсүн гана белгилеп коёюн:

  1. Өмүрүн бала тарбиялоого арнап койгон уникалдуу кулк- мүнөзү. Бул баа жеткис кызматы үчүн эч кимден эч качан мактоо сөз, же сыйлык, же байлык үмүт кылбаган ары жөнөкөй, ары ыкластуу, өрнөктүү өмүр жолу. Жарыкта шам чырак менен адам издеген философ ушул Гапыр агайдай адамдарды издеген болсо керек…
  2. Ата-энелерге, мугалимдерге, жетекчилерге, дегеле жалпы адамзатка сунуштаган ойлору, жазган эмгектери, методикалык ыкмалары турмуш тажрыйбасынан алынгандыгы. Агай бизге кеп кылып аткан эмгектеринде 25 жылдык эксперименталдык изилдөөлөрүн сунуштап атат. Анын ар бир корутунду сөзү, тыянагы турмуш чындыгы менен тастыкталып турат. Ошон үчүн угармандын жана окурмандын жүрөк түпкүрүнөн орун алат.
  3. Агайдын педагогикалык, методикалык ишмердүүлүгү кыргыз маданияты жана ислам дининин нукура баалуулуктары менен жуурулушуп турат. Дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды улуттук өзгөчөлүгүбүз менен айкалыштырып, сүтүнөн каймагын, данегинен маңызын бөлүп чыгаргандай даяр руханий азыкты биздин дастарконубузга жайып койду. Биз эми бул дастарконго жайлуу отуруп, тойо жешибиз гана керек.

Күн өткөн сайын Гапыр агайдын акыл, тажрыйба дастарконунан даам татып, керемет сезимдерге бөлөнүп, ал жердеги руханий азыктарга кайра-кайра суусаган элдин саны улам көбөйүп бараткандай таасир калтырат. Бул да болсо жакшылыктын жышааны. Адамзатты түйшүккө салган апааттардан арылуунун бирден бир жолу мына ушул — билим-тарбия караңгылыгынан кутулуу экен да. Муну түшүнгөн жана аракетке келген ата-энелердин, жаштардын катары улам көбөйүп баратканы жакшы көрүнүш. Мына ушундай түбөлүгү түз иштерге көч башы болуп багыт алган Гапыр агайыбызга Жараткандан бекем ден-соолук, кажыбас кайрат тилеймин. Кудай буюрса, агай түзгөн «Энелер мектеби» жана «Акыл эмгегинин маданияты» концепциялары куштун эки канатындай кулачын кенен жайып, Ала-Тоо асманында бийик учат деген ишенимдемин.

PS: Кечээ ГАПЫР агайыбыз менен Андарак жайлоосунда эс алып кайттык. «Китептен сырткары табиятта да айтып бүткүс сабак бар. Кудайым кыргыз элин ушул тоолору менен сактап келди. Тоолорду, парандаларды (жан-жаныбарларга) Кудай сактай көр деп көп-көп дуба кылалы»,- деди агай тоолор тарапты карап…