Москвадан Ысык-Көлгө «Москва – Тамчы – Москва» багыты боюнча жаңы аба каттам ачылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Ал аба каттам боюнча алгачкы учак эртең, 15-июлда учуп келет.

Каттамды «Аэрофлот» авиакомпаниясы аткарып, ал жумасына үч жолу – дүйшөмбү, бейшемби жан ишемби күндөрү учуп турат.