Адам баласы жашоодо түбөлүк жашачудай күн өткөрөт экенбиз. Бар кезде тирүү кезде баркына жетип, сыйлап калуу керек экен, дейт апамдын керээзин аткарып, издеп барып тапкан эжебиз.    Сөз башынан болсун

Апам оорудан көз жумду. Өлөр алдында байкем экөөбүздү чакырып, атама чейин бир жигитке турмушка чыкканын, анда бир кызы калганын, аны таап, катташып туруубузду керез кылып калтырды. Апамдын кыркы өткөн соң, сураштырып отуруп байкем экөөбүз, апам айткан даректи таап келдик. Тоо боорунда жайгашкан, көп дарактуу айыл экен. Айылдын тар көчөлөрүн аралап, Аким деген кишини издедик.

Издегенге адашуу парз деп, эжекемдин туулган айылын, атасынын үйүн издеп жүрүп, адашып эжекем турмушка чыккан коңшу айылга,  так эле эжемдин үйүнө барыптырбыз.

Көчөдө  ойноп жүргөн балдардан сураштырсак, бучук мурун бир бала “ал менин тайатам да” деп калды. Байкем токтолбой туруп, “апаңдын аты Бурулчабы?” деген суроосуна бала баш ийкеп “ооба” деп жооп берди.

“Жүрү бизди апаңа алып бар деп” баланы карап калдык. Чолок шымын колу менен көтөрө коюп, жанагы бала үйүн көздөй чуркап калды. Анын артынан чоң-чөн кадам тыштап байкем экөөбүз баратабыз. Күрөң  дарбазага жеткенде, бала эшикти ачты да “аа-паа, а-паа” деп кыйкырып калды. Үйдүн ичинен жашы 45 тер чамасында, кудум апамдын жаш кезиндегидей, кырдач мурун, жоолугун да кудум  апам  оронгондой салынган келин чыкты, бизди көрүп катып калды.

Байкем алдыга обдулуп, “Саламатсызбы эже, бизди тааныдыңызбы?” деп эле басып баратты.

Ары жактан эркектин “Кимдер экен” деген жоон үнү  угулду.  Чамасы жолдошу болсо керек.

Бизди карай баскан эжемден апамдын элесин көрүп, турган жеримде катып тура бердим. Бир мезгилде байкемдин “баспайсыңбы” дегинен селт дей түштүм.

Ал жай сурашып, келген жөнүбүздү айттык. Эжем ойлуу карап, бирок бир да көзүнө жаш албады.

Көрсө апам менен биринчи жолдошу үч жыл жашап ажырашып кетишет. Апамдын кайынэнеси кыз бизде калат, сен башкага тийсең кор болот деп бербей койгон экен. А эжеме болсо апаң башкага тийди, сени жек көрөт, издебе, башка балдары бар, башка кыз алган деп жүрөгүн тоңдуруп чоңойтуптур.

Балким ара жолдо жаш нерсе кыйналбасын дегени го. Бирок, биз апам  бир канча ирет көргөнү келгенин кайынэнеси көрсөтпөй койгонун, апам аны жакшы көрөрүн, өлгөнчө оозунан түшүрбөй кызым деп өткөнүн айттык.

Буларды укканда эжекем бир аз жибиди. Көпкө  сүйлөшүп отуруп, эжекем менен жакындан таанышып, бир тууган болуп катышып турууга көндүрдүк.

Эжекем бир аз күндө апама келип куран окутуп кетерин, келип турарын айттып узатты.

Жол катар эжекемдин  каардуу чоң апасы көз алдыман кетпей койду. Бир туруп эжекеме апаң жаман деп коркутуп бала жүрөгүн муздаткан сөздөрдү айтканын элестесем, бир туруп апама ачуу кыйкырып, келбе кызды бербейм деген сөздөрүн элестетип апама боорум ачып келаттым….