Чүй облусунун Сокулук районунда кечээ, 14-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, унаа жолду суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жаап өткөн жаандан соң  Сокулук айылынан Төш-Булак айылына жана Кашка-Суу жайытына баруучу унаа жолдун болжол менен 2-3 чакырым аралыгын суу каптаган.

Жерине абалды билүү жана тактоо иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Сокулук райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы барган.

“Унаа жолу ачык, жол кыймылына тоскоолдук жараткан жок. 14-июлда Төш-Булак айыл аймагынынан 1 экскаватор тартылып, унаа жолду тазалоо иштерин жүргүздү. Тазалоо иштери 15-июлда улантылат”, – деп айтылат маалыматта.