Конституциялык мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жана 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясын аткаруу максатында иштелип чыккан.

2021-жылы 28-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин
2021-жылдын 23-мартындагы ПБ № 33 буйругуна ылайык түзүлгөн Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими менен шайлоо тутумдарынын эки модели (бирдиктүү шайлоо округу боюнча ачык тизмелер менен пропорциялык тутум жана аралаш шайлоо тутуму) боюнча мыйзам долбоорлору тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Президент тарабынан аралаш шайлоо тутуму боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кенештин кароосуна киргизилген.

Белгилей кетүүчү нерсе, ачык тизме менен пропорционалдык тутумдун дагы, аралаш тутумдун дагы өзүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Идеалдуу шайлоо тутуму жок, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосун өзгөртүү боюнча коомчулуктун өтүнүчүн канааттандыруу зарылчылыгы пайда болду, мында талапкердин көрсөтүү субъектиси саясий партиялар гана эмес, ошондой эле жарандар өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен боло алат.

Артыкчылыктар:

1) парламенттеги региондук өкүлчүлүктү максималдуу түрдө камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет;

2) жарандар иш жүзүндө бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтө алышат;

3) депутаттын шайлоочулар менен тыгыз байланышы, шайланган депутаттардын жогорку деңгээлдеги жоопкерчилиги камсыз кылынат, депутаттын шайлоочулар алдындагы жоопкерчилиги жогорулайт, шайлоочулар парламентте алардын кызыкчылыгын ким коргоп жаткандыгын так түшүнүшөт;

4) учурдагы шайлоо тутумунун артыкчылыктары жана жетишкендиктери сакталат:

— квоталар аркылуу социалдык топтордун өкүлчүлүгү;

— саясий партиялар институтун андан ары өнүктүрүү.

5) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүнүн эки субъектиси. Мындай система аз сын-пикирлердижаратат (калктын талабы канааттандырылат);

6) аралаш шайлоо тутуму бир катар КМШ өлкөлөрүндө (Россия, Грузия, Украина), Европада (Италия, Германия, Венгрия) колдонулат жана өзүнүн эффективдүүлүгүн эң ийкемдүүжанатуруктуу катары далилдеди, айрыкчамамлекеттикинституттардыкалыбынакелтирүүкырдаалдарындакатуукризистерденкийин.

Кемчиликтери:

1) бир мандаттуу шайлоо округдарында квоталардын сакталышы камсыздалбайт, бирок бул пропорционалдык системада сакталган жана күчөтүлгөн квоталар аркылуу компенсацияланат.

2) бир мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин түзүүнүн татаалдыгы.

3) бош мандат болгон учурда бир мандаттуу округдардагы жаңы шайлоолор өткөрүү, бюджетке кошумча финансылык жүк.

4) чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын бир мандаттуу округдарда добуш берүүгө укугу жок.

МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин 90 депутатын аралаш (туташ) тутум боюнча шайлоо үчүн жаңы шайлоо тутуму сунушталат
(59-берене):.

35 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча шайланат;

55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча партиялык тизмелер менен пропорциялык тутум боюнча шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:

пропорциялык тутум боюнчасаясий партияларга;

мажоритардык тутум боюнчасаясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга;