Жогорку Кеңеш президентти жана парламенттин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорун кароону улантууда.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору боюнча партиялык тизме менен депутаттар кантип шайланат

Мыйзам долбоорунда ЖКке депутаттатыкка 90 орун  сунушталган. Ошол эле учурда, пропорционалдык система боюнча, башкача айтканда, партиялык тизме боюнча 55 депутат, ал эми бир депутаттык мандаттар боюнча 35 депутат шайланат.

Конституциялык мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жана 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясын аткаруу максатында иштелип чыккан.

Партиялык тизме боюнча 55 депутатты шайлоо кандайча жүргүзүлөт.

 Бирдиктүү округ боюнча 55 депутатты шайлоо бөлүгүндөгү өзгөртүүлөр:

55 депутат колдонуудагы пропорциялык тутум боюнча шайланат.

Мында мыйзам долбоору менен ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добушунун региондук босогосу 0,7 пайыздан 0,3 пайызга төмөндөтүлүүдө (64-берене).

Пропорциялык тутум боюнча шайлоодо саясий партия 55 талапкерден ашпаган саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин көрсөтөт (60-берене).

Тизмени түзүүдө аялдар, этностук азчылыктын өкүлдөрү, жаштар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн төмөнкү квота сакталууда (64-берене):

— бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы эки позициядан ашпоосун;

— 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

— ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

— кеминде 2 талапкердин — ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.