Талас шаарынын Баатырлар паркында 5 жыл мурун 1 млн 490 миң сомго курулган ажаткана иштей баштайт. Бул тууралуу Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов билдирди.

Анын айтымында, учурунда ар кандай мүчүлүштүктөрдөн улам ажаткана иштебей, эл арасында көп ирээт сынга кабылып келген.

«Паркта ажаткана жок болчу. Буйруса мындан бир нече жыл мурун курулуп, иштебей турган ажаткананы оңдотуп жатабыз. Учурунда курулушта, андан соң иштетүүдө дагы кемчиликтер болгону аныкталды. Баары жоюлуп, кийинки айда ишке кирет.

Мындан тышкары парктын ичинде чыр болгон эски ажаткананын аймагы бар. Ал жердин маселеси да чечилет», — деди ал.

Эске салсак, ажаткана  5  жыл мурда Анарбек Кушубеков шаар мэри болуп иштеп жаткан маалда курулган.  Анын курулушу шаар бюджеттен каржыланган.