Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, бөлүм жана кызмат башчылары, өздүк курам коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жатышат. Алгач кызматкерлердин кан басымы, сатурациясы текшерилип, андан соң жугуштуу илдетке каршы вакцина менен эмделишти.

Белгилей кетсек, коронавируска каршы эмдөө 2 ирет жүргүзүлөт. Кызматкерлер 21 күндөн кийин ушул эле вакцинаны экинчи жолу алышат.

 

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы