Улуттук статистика комитети калктуу конуштарда иликтөө жүргүздү. Ага ылайык,  14-июлга карата өлкөдө уй этинин баасы орто эсеп менен 1 кг үчүн 464,76 сомду түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 108 сомго же 30,3% га жогорулады. Ал эми кой эти 488,47 сомду түздү жана 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 41,1% га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Ошол эле учурда, уй эти боюнча чекене баалардын эң жогорку чеги Жалал-Абад (кг үчүн 496,23 сом), Нарын (кг үчүн 484,64 сом), Ош (кг үчүн 482,03 сом) шаарларында болгон. Ал эми минималдуу баалар Покровка айылында (1 кг үчүн 425,93 сом), Баткенде (1 кг үчүн 433,27 сом) жана Исфана шаарында (1 кг үчүн 434,97 сом) катталган.

Койдун эти болсо Кара-Суу (килограммы 527,98 сом), Жалал-Абад (килограммы 525,98 сом) жана Ош (килограммы 509,44 сом) шаарларында республикалык орточо көрсөткүчтөн ашып кетти, ал эми анын эң төмөнкү баалар Покровка айылы (кг үчүн 422,98 сом), Кара-Балта (кг үчүн 447,65 сом) жана Каракол (кг үчүн 448,49 сом) шаарларында байкалган.