Дүйнөдөгү эң эски деп эсептелген виски  АКШда аукционго коюлуп,  137,5 миң долларга  сатылды. Бул тууралуу Food & Wine журналы билдирет.

Адистер «Old Ingledew» таандык бөтөлкөнү сатуудан түшкөн каражат 20 миңден 40 миң долларга чейин  болот деп күтүшкөн, бирок аукцион учурунда лоттун баасы алардын божомолунан бир нече эсе жогору болгон.

Сатылган виски 250 жыл мурун Американын Джорджия штатындагы Лагранж шаарында бөтөлкөгө куюлган деп болжолдонууда. 1902-жылы белгилүү финансист Джон Пиерпон Морган  эң байыркы бөтөлкөнүн ээси болгон.

Америкалык «Skinner» аукцион үйүнүн сейрек алкоголдук ичимдиктер боюнча эксперти Джозеф Хаймандын айтымында, Джорджияга болгон сапарынын биринде Моргандан, жалпы наркы болжол менен 7,6 миң долларды түзгөн үч бөтөлкө «Old Ingledew» сатып алган.

Виски 1940-жылдардын башында финансисттин уулу аны белекке бергенге чейин анын  жер төлөсүндө сакталып турган.

«Эң байыркы виски бөтөлкөсү» саясатчы Жеймс Бирнске, калган экөө АКШнын 32 жана 33-президенттери Франклин Рузвельт менен Гарри Труманга таандык.

Кийинчерээк, Бирнс үй-бүлөсү үч муунга чейин сактап келген бөтөлкөнү, жакын досу жана кошунасы Фрэнсис Дрейкке белек кылган.