Москва шаарынын мэриясынын Регионалдык коопсуздук башкармалыгынын аймактык департаменти ведомстволор аралык жыйын өткөрүп, ага федералдык коопсуздук кызматынын, тергөө комитетинин, прокуратуранын жана полициянын өкүлдөрү  катышты. Жолугушууда алар түштүк-чыгышындагы массалык мушташтын келип чыккан жагдайларын жана себептерин талкуулашып, муну «өзгөчө кырдаал» деп баалашууда.

Бул факты боюнча  укук коргоо органдары тарабынан жаңжалдын 102 катышуучусу (Борбор  Азия өлкөлөрүнүн жарандары) кармалган.

Россиянын ИИМнин Москва шаарындагы Башкы башкармалыгынын Түштүк-Чыгыш административдик аймагы боюнча ички иштер башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү  кечке чейин кармап келишкен жарандардын ичинен  жетимиш бирөөсү Кыргыз Республикасынын  жараны  болот, калгандары изин жашырып  кетүүгө үлгүрүшкөн.

Мындан тышкары, аталган факты боюнча Россиянын ИИМнин Москва шаарындагы Башкы башкармалыгынын Түштүк-Чыгыш административдик аймагынын ички иштер башкармалыгынын өндүрүшүндө Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (Ээнбаштык) боюнча козголгон кылмыш иши бар.  Ага ылайык, бул мыйзамсыз аракеттерди жасагандар аныкталууда.

Азыркы учурда, Москва шаарынын райондук соттору тарабынан административдик укук бузуулар боюнча жалпысынан 102 материал  каралды (Кузьмин райондук соту — 46 иш, Люблин райондук соту — 37 иш жана Лефортово райондук соту — 19 иш). Анда соттор тарабынан  массалык мушташка катышкан жарандарга карата административдик укук бузгандыгы үчүн Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө  кодексинин 20.2-беренесинин 6.1-бөлүмү  (Жашоону камсыздоочу жайлардын иштешине тоскоолдук жараткан уруксатсыз жыйынга катышуу) боюнча 15 күнгө административдик камакка алуу (анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн) чечими кабыл алынган.

Учурда  Москва шаарынын укук коргоо органдары тарабынан мигранттардын документтерин текшерүү боюнча рейддер жүргүзүлүп, ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө жеткирүү, алардын өздүгүн тактоо, ошондой эле алардын катышуусундагы чыр-чатактуу кырдаалдардын болушун алдын алуу боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.  Алдын алуу иштеринин жүрүшүндө  аймактык полиция бөлүмдөрүнө 900дөн ашуун адам жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү мекендештерин Россиянын аймагында улуттук маселелерге тиешелүү    жалган  билдирүүлөрдү таратпоого чакырат.  Мындай фактылар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын  билдирет.  Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россияда иштеп жүргөн мекендештерди келген мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарын аткарууга, коомдук жайларда адеп-ахлактык жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырат. Ошондой эле, мыйзамсыз аракеттер менен өлкөнүн имиджине доо кетирбөөнү жана Россиянын аймагында иштеп жаткан мекендештерине терс таасирин тийгизип албоону суранат.

 

 ИИМдин Басма сөз кызматы