Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Курман айт күнү майрамдык намаздын пандемияга байланыштуу жобо-шартын жарыялады.

Ага ылайык, майрамдык намаз мечиттерде гана окулат, келген жарандардын баары бет кап тагынып, ортодогу 1,5 метр аралык сакталышы шарт. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

Ар бир адам дааратты үйүнөн алып, өзүнүн жайнамазын көтөрө келиши керек. Дене табы көтөрүлгөндөр, ооруп жаткандар жана жаш балдар мечитке киргизилбейт. Муфтият жума намазы окулуп бүтөрү менен жарандарды көпкө кармалбай, тез тарап кетүүгө чакырды.

Кыргызстанда Курман айт 20-июлда белгиленет. Коронавирус пандемиясынан улам быйыл Орозо айтта намазды мечиттерде гана окууга уруксат берилип, борбордук аянттарда экинчи жыл катары менен эл чогулган эмес.

Белгилүү болгондой, майрамга байланыштуу Министрлер кабинети 19-июлдагы жумушчу күндү 24-июлга которгон. Мындан улам кыргызстандыктар төрт күн эс алышат.

Бул чечим мамлекеттик бюджеттен каржыланган, жумасына беш күндүк иш тартиби менен иштеген кызматкерлерге тиешелүү. Мамлекеттик эмес, жеке менчик уюмдарга да иш күндү которуу сунушталды.

Эске салсак, акыркы бир суткада 1 334 адамдан коронавирус аныкталып, 11 бейтап көз жумду.