ТИМ Ооганстандын Бадахшан аймагынан Тажикстанга качып кирген памирлик кыргыздарды Кыргызстанга эвакуациялайт. Бул тууралуу миинстрликтин басма сөз кызматы  билдирди.

Кыргызстандын дипломаттары Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссардын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылышып, этникалык кыргыздарды Тажикстандан алып чыгууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Ошондой эле, Кыргызстандын ТИМи тажикстандык кесиптештерине нота жиберип, памирликтерди кыргыз-тажик чек арасынын өткөрмө пункттарына чейин тоскоолсуз өтүүгө көмөк суранды. Мындан сырткары ТИМден бул маселе президент жана Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө турганын кошумчалашты.

13-14-июлдарда Ооганстанда жашаган 347 этникалык кыргыз «Талибан» экстремисттик кыймылы жараткан коркунучтан улам Тажикстанга качууга аргасыз болушту. Чек араны кесип өтүүдө эки ымыркай чарчап калган.

Учурда тажик бийлиги качкындарды Мургаб районуна караштуу Кызыл-Работ жамаатынын Чоштепа жана Дуютук аймактарына жайгаштырды. Памирлик кыргыздардын жанынан 3,5 килограмм баңгизат табылганы да кабарланган.

2021-жылдын май айынан тарта НАТО аскерий-саясий уюмунун күчтөрү Ооганстандан чыгарылып баштагандан кийин өлкөдөгү кырдаал курчуп баштаган. НАТОнун аскерлери Ооганстандын өкмөтү менен бирге «Талибан» кыймылынын жоокерлерин токтотуп турган.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, «Талибан» кыймылы Ооганстандын ири шаарларынан сырткары өлкөнүн 50-70% аймагын ээлеп турат.