Азербайжан гуманитардык жардам катары жөнөткөн 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы Бишкекке келип түштү. Бул туурасында Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Препараттарды «Манас» эл аралык аэропортунан Азербайжандын элчилигинин өкүлдөрү, тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жапаркул Ташиев жана Республикалык иммунопрофлактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова тосуп алган.

Гуманитардык жардам коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү максатында Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин ташырмасы менен жөнөтүлгөнү белгиленди.

Ошондой эле элчилик өткөн жылдын апрель айында Алиевдин демилгеси менен Кыргызстанга суммасы 500 миң долларга бааланган медициналык буюм жана жеке коргонуучу каражаттар гумжардам катары берилгенин кошумчалады.