1994-жыл. «Кыргыз руху» гезити…

 Редакциябызда «тройка» деген телефон бар эле. Бу телефон социалисттик Кыргызстандан калган, жалгыз приватизация — прихватизациядан калган таберик буюмубуз эле. Башкалар завод, фабрика, садик, колхоз, совхоз, мал-сал, эчки-улак, мончо, базар, айтор колуна эмне тийсе менчиктеп жаткан доордодон жалгыз таберик ушу телефон эле. Бу жөн телефон эмес, «правительственный» телефон, аны «тройка» деп коёт элек. Атына щаты дегендей бу телефонго бир жылда уч жолу чалышса чалат эле, чалбаса жок. «Тройка» менен министр, чон-пондорго түз эле чалсан болот. Биздин чондор менен ишибиз жок, ошол эле учурда чондор менен биздин ишибиз жок. Каалагандай сындайбыз, каалагандай тепкилейбиз, айтор демократиянын бизге берген эрмеги ошол эле…

Бир күнү баягы «күлбөс кыздай» телефонубуз звандап калды, бу жылдын эсебинен биринчи жолу. Бу телефон шынгыраганын ордубуздан туруп алчубуз, коркуп же үркүп кеткенден эмес, шнуру кыска эле. Бир жолу айтылуу Докем (Дооронбек Садырбаев) да келип, «бу силерде» тройка» деген барбы? Жанышка (Ж. Рустанбеков анда ал бир чон мыкчыгер эле) чалайын деп сураган эле. Биз бар, бирок туруп сүйлөшпөсөңүз жетпейсиз, шнуру кыска десек», Докем «буларын менен туруп сүйлөшкөндөн көрө, сүйлөшпөйм» деп трубканы коюп салды….

Айтор, баягы» тройкабыз»узун-узун шынгырап калды… Турдук. Трубканы алдык.» Султан Раевби? «деп калды трубканын аркы тарабы.» Ооба» деп, айтып, оозумду жыя электе,» Срочно Президентке келиңиз, замыңыз (Мамат Сабыров эле зам.) келиңиз. Бу тушта шашкалактап, кайсы президент деп сурап калыш керек да.» Султан Акимович, кайсы президент, кайсы президент Аскар Акаевич! «деп калды аркы тарап өктөм үн менен. Аягында,» Азыр, 5 минутта келиңиздер, күтүп жатат…» деди. 5 мүнөттө! Маматты чакырдым, «Бизди срочно чакырып жатат президент» деп, гезиттин подшипкасын аңтарып жатсам, Макем дагы» Кайсы президент? Кайсы? » деп калышы керек да. Телефондун ары тарабындагынын энергетикасы мага да өттүбу?» Маке, кайсы, кайсы бизде, канча президент бар эле, ким-ким Акаев! «дедим.» Акаев?! » Макем шалдая түштү. Экөөлөп гезиттин подшипкасын тыта баштадык, жакын арада президент тууралуу кандай материал чыкты деп. Өтмө катар эле Акаевди сындаган материалдар экен. Табылды Эгембердиев, Молдо Кара (Сатыбалды  Жээнбеков), анысы аз келгенсип, Бекен Назаралиевдин Өмүрбек Текебаевден алган интервьюсу. Бекендин стилинде. Акаев десе эле «көк чыбыгын» көтөрө чыккан Бекен да Текебаевдин оозу менен Акаевди жөлөп өтүптүр… Айтор, подшипкада бир түзүк сөз жок экен «в пользу президента». Президент бизди кофе ичип кеткиле деп чакырат беле, пистон койгону чакырганын бөркүбүздөй көрүп турабыз. Баягы 5 мүнөт деген убакыт тыкылдап өтүп атыры… Эмнеси болсо да… Экөөбүз Ак Үй тарапка, президентке биринчи жолу жөнөп калдык. Макем улам,» Сукө, Акаев эмнеге чакырды экен бизди» деп жол катар суроо берип келет. Сыртта биздин настроениеге ортоктош болгон аба-ырайы да коноктоп жамгыр төгүп өткөн. Жол чалчык. Шашып баратабыз. Ак Үйгө келсек, бардык дарбазалар сыйкырчынын таягы бизде бардай шак-шак ачылып, жетинчи кабатка, 01дин кабылдамасына кантип жетип келгенибизди билбей калдык. Приёмныйдагы бизге чала-була тааныш неме да жарым саат мурда Мелис Эшимканов да келип кетти деп койду. Кайран, Мекем а дагы «пистон» алган экен деп ичтен боолгойбуз. Ошентип…. Баягы кирсин деген сакралдык сөз кулагыбызга угулду… Турдук. Кирдик. Биз эшикти ачканда, тээ төрдө отурган Президент космикалык ылдамдыкта кантип мандайбызга туруп калганын байкабай калдык. Күндө теледен көргөн Президентибиз мандайына жаркылдап туруп калса… Толкунданат экенсиң… Президент ушунчалык сылык, колдору жумшак, аны кол алышканда сездик. ААА бизди кире бергендеги оң капталдагы креслого, журнал столуна таклип этти. Ичибизден «абал биз ойлогондой эле жаман эмес сыягы» деген ой бизди ээлеп алды. Баягы Макем да өзүнчө кудундап алган, Президенттин кабинетин айланта карап. Таң калып олтуру… Ичибизден ой түрүп коебуз ушуну КТРга тартып койсо бүт өлкөгө жарыя болмокпуз деп…. Айтор… Креслого көчүк бастык, биз киргенде кебетебизди ылдыйдан төмөн олурая караган катчы кыз ысык кофе, шириндиктер менен кирди. Ыраайы башкача, сыпайы…

Ошентип, кофеден ууртап, конфеттен ооз тийип сүйлөшүп кеттик. Президент ал акыбал сурап, бала-чаканы да унут калтырбады. Көпкө сүйлөшүп отурдук. Президент өзү эле сүйлөп отурду. Алдыбызда үстү айнектен журнальный столго, кофе-софе коюлган айнек столго үңүлө  карасак, менин 45инчи,Макемдин 44унчу ботинкаси көзүмө урунду. Ботинкабыздын учу жамгырдан кийин ылай, кир, эки жумадан бери крем көрө элеги көзгө көрүндү. Аны да президенттин кабинетинде көрүш керек да кашайып… 5 минутта келе калгыла десе, карайып жетип калганыбызды кара… Мен свитирчен, Макем галстугу жок ( а досуму ушу кезге чейин галстук тагынганын көргөн эмесмин.) Идеалында дресс-кодду сакташыбыз керек эле… Ош базарына кандай жөнөсөк, ошондой жөнөп ийипбиз…

Айнек столдон бут кийимибизди бир карайбыз, уялабыз. Окшошпой калайык бут кийимдин түрүн айтпа… Акаев сүйлөп атып, айнек столдун алдындагы биздин бут кийимди карап коёт, биз уяттын күчүнөн шыпты карайбыз, ката салайлык десек, же жака ката албайбыз. Айнек столдон болсо баары көрүнөт, размерлер болсо тиги… Айтор, президент сүйлөп атып столдун алдын караганда биз шыпты карайбыз, а киши шыпты караганда биз «безобразнный» бут кийимди карайбыз. Баягы катчы кыздын да олурая караганын эми түшүндүк. Бут кийиминерди жууп албайсынарбы деп койсо болмок экен… Жан кашайткан 5 минуттун аягы ушундай болду… Сөздүн кыскасы ААА көп сүйлөдү…. Аягында «Силерге чоон рахмат! » мага Мелис Эшимканов айтты. Рахмат колдооңорго! » деди. Аягында» Ал мен үчүн эмес, эл үчүн, өлкө үчүн керек. Ага барбасак, андан башка жол жок»деди. Биз да жол жок болсо, жок да дегендей баш ийкедик. Кеп эмне тууралуу айтылып жатканын түшүнбөдүк. Кофе ичтик, конфет жедик. Президент ордунан туруп стол тарабына жөнөгөндө Макем экөөбүз ырым деп бирден конфетти чонтокко салдык. Балдарыбызга беребиз деген тейде. Аны да ААА көрө калып, алгыла, алгыла дегенчелик кылып, тарелкадагы конфетти тең экиге бөлүп колубузга карматты. Сунулган колду суутпай… Алдык. Президент мага бир коробка, Макеме бир коробка берди. Тыкан экен. Ичинде эмне бар билбедик. Эстеликке деди президент. «куттуу үйдөн кур чыкпай»… алдык…

Ак үйдүн сыртына чыгып, баягы коробкаларыбызды ачтык… экөө тең ручка экен… Макем айтып калды «Суке, эми колубузду бир жума жуубайлы… Падыша менен кол алыштык» деп калды… Бирок, эмнеге чакырды деген суроо ортобузда түпөйүл…

Кайрадан кабинетке кирдик. Баягы күлбөс кыздай тройкабыз шыңгырап калды… Мелис досумдун үнү аркы тараптан угулду. Өзүнчө эле толкунданып алган.» Сүкө, мен Акаевде болдум, аябай от души сүйлөштүк, президент кооп нерсени обещать этти… Референдумду колдоп коелу, сен» Рухун «менен мен» Асабам»менен. Раев менен кандайсың деди эле, досум болот, чогуу окуганбыз, менин сөзүмөн чыкпайт дедим. Бүгүн сени приёмго чакырат»деп калды. Көрсө, Мелис досубуз үстүбүздөн тон  бычып ийген экен. Президенттин» рахматын» эми тушундук….

Мекеме чакырмак тургай, барып келдик… десем,» барып келдиңерби? » мен сага айтып коем дегемин да… Мелис айтты дедиби?»…Айтты дедим…

Алдыда референдум болмок…

  Бу сүрөтүн икаясы ушундай… Кыскасы.