Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу 1 364 адамдан аныкталып, 11 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Бишкек – 778
Ош – 33
Чүй облусу – 205
Ош облусу – 48
Талас облусу — 24
Нарын облусу – 24
Ысык-Көл облусу – 51
Жалал-Абад облусу – 85
Баткен облусу — 116
Акыркы суткада илдеттен 11 адам каза болду.
Бишкек – 6
Жалал-Абад облусу – 1
Нарын облусу – 2
Баткен облусу – 1
Муну менен өлкөдө коронавирустан каза болгон адамдардын жалпы саны 2 миң 165ке жетти.