Бишкекте кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу 12-17-июль күндөрү өтүп, жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган.

Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Иш-чара достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү белгиленди.