“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде пландык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги билдирди.

Буга чейин “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүкуурдалган деген маалымат тараган. Министрлик бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

«Коомчулукта мемориалдык комплекстеги жерде жаткан түндүктөр боюнча кайчы пикирлер айтылып, жакшы эмес жышаан катары кабыл алгандар арбын болгон. Улуттун улуу символикасын бийик көтөрүү максатында, “түндүгүң түшкүр” деген наалаттан алыс болуу ниетинде, учурда долбоордун автору У. Бейшенбаев менен биргеликте атайын топ бул маселе боюнча иш алып барып, жаңы көрүнүш берүү концепциясы талкууда.

Ал эми Айтматовдун көрүстөнүнүн таштары жаңыртылып, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Министрлик мемориалдык комплекс 24 саат бою атайын күзөт тарабынан күчөтүлгөн режимде кайтарыларын эскертип, популисттик аракеттен алыс болууга чакырат», -деп айтылат маалыматта.