Тажикстандан келип Кыргызстандын Жогорку окуу жайларында билим алып жаткан тажик студенттери Жогорку окуу жайлардын жетекчилигине жана Билим берүү жана илим министрлигине арызданган эмес. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Тажикстандын Билим берүү министрлиги тажик студенттери Кыргызстанда коркутууларга дуушар болуп жатканын айтып, аларды кайтарып алуу тууралуу айткан.

Бул боюнча Кыргызстандын Билим берүү министрлиги тажик тараптын маалыматын четке какты.

«2020-2021-окуу жылында Тажикстандын 1932 жараны Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алышкан. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу көпчүлүк ЖОЖдордо окуу процесси аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде жүргүзүлдү. Учурда бардык студенттер каникулда. Студенттерди которуу маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат»,- деп билдирди министрликтен.