Эндокринолог жана диетолог Татьяна Бочарова жашыл алмаларды кандай дартты алып жүргөн жарандар жебеш керектиги тууралуу маалымат берди.

Дарыгер  көк алманын зыяндуулугу жөнүндө эскертип, алардын панкреатит же өт дискинезиясы менен ооруган адамдарга аларды көп колдонбоого сунуш берди. Эгерде ооруу өтүшүп кеткен болсо анда алманын бул түрүн  жегенден алыс болууга чакырат.

Гастрит же ашказандагы жара оорусу менен  жабыркагандар күнүнө бирден жашыл алма менен чектелүүгө тийиш. «Ачка эмес, негизги тамактан бир сааттан кийин жесеңиз жакшы болот», — дейт диетолог.

Адис кошумчалагандай, кычкыл алманын сорттору тиштин эмалына зыян келтирет. Ошондуктан, бул мөмөнү жегенден кийин, эксперт оозуңузду суу менен чайкоону сунуштайт.

«Дени сак адам күнүнө экиден ашык жашыл алманы жегени жакшы: антпесе, кислота былжырлуу челди дүүлүктүрүп, терс таасирин тийгизип, табитти күчөтөт», — деп жыйынтыктады Бочарова.