Ташиев бекеринен соц.тармактарды тартипке салабыз деген жок да. Айткан сөздөрүнө, кылган кылмыштарына жооп бере албаган бакан ооз акмактар көбөйүп кетишти. Эмнелерди гана укпайсың фейсбукту ачып олтуруп. Өздөрү Кудайдын каарынан, элдин каргышынан коркпогон жүзү каралар: азаматтарды, элдик лидерлерди каралап, үстүнөн жугунду куйган заманга туш келдик. Кыргызстанда акыркы он бир жылда баардык нерселер тескери бааланып, өз элине кыянат кылышкан кылмышкерлерди колдоп, элдин уулдарын кордогон заманга туш келдик.

30 жылдан бери чечилбеген чек ара маселеси жакшыбы, жаманбы ордунан козголду. Коңшуларыбыз деле дал эле биздей адамдар. Алар да бир метр жерин берип койгусу келбейт. Эгер союз таркаган маалда, Акаев деген подкоблучник бир аз убактысын бөлүп чек ара маселесине көңүл бурса, ошол кезде өтө оңой чечилмек. Себеби, союз мезгилиндеги адамдардын шүйкүмү азыркылардан бир топ эле жакшы болгон. Эл тартиптүү, башчыларыбыз акыйкат башкарышкан адамдар эле. Согуш чыгып кетпесин, тополоң болбосун дешип отуз жылдан бери бир да президент Садыр Жапаровдой аракетке кол урбады. Коркушту же болбосо жерлерибизди жең ичинен сатып да жиберишти.

Эми Садыр Жапаров келип, ошол маселеге биротоло точка коеюн десе, каргышка калган болобу? Оозго келгенди тантыраган акмактар! Ылайым эле Садырды колдогон калың журттун каргышы урсун силерди. «Саясий Майдан» деп аталган каналдын жааматы! Ылайым эле ниетиңер өзүңөргө шерик болуп, үй ичиңер майданга айланып калсын. Башка эмне демек элек?

Ташиев тез күндө ушул окшогон каналдарды, жашынып алып жалгандарды жазган фейктерди, а түгүл сыртта жүрүшүп баатыр болушкан Эмил, Орозайымдарды таап келип жазага тартыш керек. Антпесек бутубуз менен эмес, оозубуз менен баскан шерменделерге айланып калдык. Өлкөбүз болсо, башкаруучусу жок, кой деген кожосу өлгөн кароосуз калган чарбага окшоп баратат.

 Борукулов Шамурза