УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылына Чубак Жалилов атындагы мечит курду.

«Аалым Чубак Жалилов эч качан акыйкаттуулуктан кайтпаган, агартууга салымын кошкон адам эле. Бизге аны жоготуу өтө кыйын болду. Чубак ажынын илимине элибиз тойбой калды. Бирок мен өткөн жылы айттым эле Чубак ажынын экинчи өмүрү уланат деп, мына экинчи өмүрү уланып барат. Мына анын жолун жолдогон жаш аалымдарыбыз чыгып келе жатат», — дейт УКМКнын төрагасы.

Ташиевдин айтымында, ал туугандары менен биргеликте аталган мечитти эки жылдан бери курушкан.

«Азыр журналисттер бизди видеого тартып жатышат. Эртең «Ташиев акчаны кайдан алып, курган деп» айтып башташат. Мен Кудайдын алдында күбөлүк берем, өмүр бою адал эмгек менен акча таап келем. Кудай берген бардык байлыкты бөлүшүүгө милдеттүүмүн»,- дейт Ташиев.

Эске салсак, белгилүү дин аалымы, мурдагы муфтий Чубак Жалилов 2020-жылдын июль айында пневмониядан 45 жашында каза болгон.

Ошол эле учурда, Чубак Жалиловдун уулу Абдулла Жалилов Ташиевге ыраазычылыгын билдирип, Фейсбук баракчасына билдирүү жазды.

«Камчыбек аяш атам, атамдын урматына өзүнүн жана туугандарынын каражатынан курулган мечитке атамдын атын ыйгарышты. Сизге ыраачылык. Мечитке атамдын атын коюшуңуз, бул атама болгон сый-урматыңызды билдирди», — деп жазат Абдулла Жалилов.