Муфтийи Замир Ракиев коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган. Дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев  билдирди.

“Айрым социалдык тармактын колдонуучулары азирети муфтий  Замир Ракиевди вакцина албаптыр деп ага мисал катары сүрөт менен видеону көрсөтүп жатышат. Муфтий вакцина алды, дарыгерлер өз ишин так аткарышты. Ошол учурда мен жанында болчумун жана ал сүрөттү мен тарткам. Андагы шприц сайыла элек болчу, бир колу менен спиртти сүртүп жаткан кезде экинчи колдогу шприц кадрга ошондой болуп түшүп калган. Ал эми видеодогу көйнөк кийип жүргөн, кадрда футболкачан бирөө отуруп калды деген да сөздөргө түшүндүрмө бере кетейин. Муфтий вакцина алып жатканда дарыгерлерди токтой туруңуз тартып алалы деп өз ишибизди жасап, тоскоол боло албайбыз да. Муфтийдин алды жагынан тартылган, ал эми кийинки кадр (футболкачан) монтажда колдонулган. Андыктан дүрбөлөңгө түшпөңүздөр.”-дейт катчы.

 

Эске салсак, 15-июль күнү Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы кытайлык синофарм вакцинасын алган. Андагы муфтийдин вакцина алып жаткан сүрөт жана видео социалдык тармактардагы колдонуучулары тарабынан сынга алынып жаткан.