Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи 23-июлда Токиодо болот.

Буга чейин, ачылыш аземинде улуттук желектер менен командалардын салттуу парады болбойт деп маалымдалган. Бирок, Кыргызстандын УОКу бул маалыматты четке какты.

Маалыматка ылайык, спортчулар парадга  катышат.

«Спортчулардын парады болот, ал көрүүчүлөрсүз өтөт», деди КР УОКтун Башкы катчысы Саламат Эргешов.

Кыргызстандын УОК парадды жокко чыгаруу жөнүндө сөз болбогонун кошумчалады. Жөн гана чектөөлөр менен өтөрүн белгиледи. Бардык спортчулар стадионго киришет. Бирок машыктыруучулар штабынан алты адам гана кабыл алынат.

Жалпысынан Кыргызстандан барган делегациянын курамына 42 адам кирген, алардын 17си спортчулар, 14 машыктыруучу, массажист, дарыгер жана команданын пресс-атташеси.