«Газпром Кыргызстан» ишканасы 21-июлдан 23-июлга чейин Ташкумырская жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги, ошондой эле Толстой 126 дарегинде жайгашкан төмөнкү басымдагы жер астындагы газ түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.

Буга байланыштуу, төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт:

Ахунбаев, Гшлессер, Шакиров, Проспект Мира;

Түндүк-Ипподром, Толстой, Термечиков, Садырбаев;

Толстой, 51, 53/1, 55, 57, 59, 61, 61а.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында, иш төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүндө жүргүзүлөт.

«Газпром Кыргызстан» келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.