Кара-Кулжа районуна караштуу,  Алайкуу өрөөнүндө ач карышкыр короого тийип, 17 жаштагы кызды тиштеп, сүйрөп качууга аракет кылган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлады.

Маалыматка ылайык окуя 17-июлдан 18ине караган түнү Қарагайты жайлоосунда катталган. Коо-Чаты айылынын тургундары жайлаган короого кол салган карышкыр, 3 ирет келгендиги айтылат. Биринчи жолу түнкү саат 22:00 чамасында майда жандыктардын короосуна тийип, бир канчасын жеп, мууздап кеткен.

Экинчи ирет 24:00дө келгенде, уйларга тийген. Эшик караңгы болгондуктан, фонар жандырып чыккан 17 жаштагы кызды буттан тиштеп, сүйрөөгө аракет кылган. Кыздын кыйкырыганан тегеректеги коңшулары ойгонуп, куткарып калышат.

Карышкыр 2 сааттан кийин кайра келген. Бул ирет чатырдан  1986-жылы туулган Асыран Токторбаев аттуу чабан фонар менен чыгып, карышкыр менен кармаша кетет.

Натыйжада карышкыркы муунтуп өлтүргөн. Бирок колдору чайналып, бетине  бөрүнүн тиши тийгендиги айтылат.

Коо-Чаты айылынын башчысы Азатбек Ашымов окуяны тастыктап, жарадар болгондор Кара-Кулжа райондук ооруканасына жаткырылганын билдирди.  Ал эми, өлтүрүлгөн карышкыр райондук лабораторияга тапшырылган.