Мындай пикирин өлкө башчысы Фейсбуктагы баракчасына жазып, дүйнө жузүн Ысык-Көлгө келип эс алып кетүүгө чакырды.

«Ысык-Көл.

Бир эле убакытта төрт мезгилди көрөсүң.

Кыш, күз, жаз жана жай мезгили.

Бүгүн 19.07.2021.

Бүткүл дүйнө жүзүнөн Ысык-Көлгө келип эс алыңыздар.

Июнь, июль, август айлары эс алууга жакшы мезгил. Ноябрь, декабрь, январь, февраль, март айлары Каракол тоосунда лыжа тебүү мезгили.

Кош келиңиздер!»,-деп жазды.

Возможно, это изображение (6 человек, люди сидят, люди стоят и на открытом воздухе)

Эске салсак, буга чейин эс алуучулар  Президент Садыр Жапаровдун  жээкте  жөө жүргөнүн видеого тартып  социалдык тармактарга жүктөгөн. Видеодо Жапаров эс алуучуларга  келип, алар менен сүйлөшүп, сүрөткө түшкөнү көрсөтүлгөн.