Баткендин Лейлек районунда алдын ала маалымат боюнча, катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, суу турак үйлөрдүн короолорун, ички чарбалык унаа жолдорду, ички чарбалык арыктарды жана көпүрөлөрдү каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел Козу-Баглан, Катраң, Лейлек, Тогуз-Булак, Айкөл айылдарында жана Исфана шаарынын Голбо, Чымген айылдарында жүргөн.

Мындан сырткары, Ак-Терек айылында 25 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 20 турак үйдүн, бир мектеп, бир бала-бакча жана бир мечиттин короосун сел суулары каптаган.

Селдин кесепетинен 16 жаштагы А.у.А. аттуу өспүрүмдү сел агызып, жергиликтүү тургундар тарабынан өспүрүмдүн сөөгү табылган.