Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.  Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

“Бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулмандар чоң кубаныч менен белгилеген жана биздин өлкөлөрдүн элдери үчүн ырайымдуулуктун, сабырдуулуктун жана боорукерликтин белгиси болгон Курман айт майрамына байланыштуу Сизди чын жүрөктөн куттуктайм жана эң жакшы каалоо-тилектеримди жолдойм.

Биргелешкен күч-аракетибиздин натыйжасында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелер биздин элдерибиз үчүн мындан ары да туруктуу өнүгө берерине бекем ишенем.

Акыркы мезгилдеги жогорку жана бийик деңгээлде өткөн натыйжалуу жолугушууларда жетишилген бардык келишимдерди толугу менен ишке ашыруу өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнө жана бир тууган эки элдин келечегине бекем негиз болуп кызмат кыларына үмүт артам.

Ушул берекелүү күндөрү Сизге Аллах Тааладан бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жооптуу мамлекеттик ишмердигиңизге албан-албан ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубат жашоо сурайм”, — деп айтылат Өзбекстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.