Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

“Кирип келген берекелүү Курман айт (Эйд Аль-Адха Аль-Мубарак) майрамына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Түбү миңдеген жылдардын тереңинде тамырлаган жана адамзаттын бийик руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган бул берекелүү майрам мындан ары да жалпы мусулман үммөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү менен ишенимди чыңдоого өбөлгө болот деп терең ишенем”, — деп айтылат Түркмөнстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Гурбангулы Бердимухамедов Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана бардык жоопкерчиликтүү иштерине ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.