Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.  Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

“Кылымдардан бери таза ислам дининин гуманизм, толеранттуулук, биримдик жана өз ара түшүнүшүү, кайрымдуулук жана бири-бирин колдоо сыяктуу бийик баалуулуктарын туу тутуп келген берекелүү Курман айт (Эйд аль-Адха) майрамы мусулман жамаатынын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелери мындан ары дагы ушул баа жеткис руханий негиздерге таянуу менен эки элдин кызыкчылыктарына ылайык туруктуу өнүгө берет деп бекем ишенем”,- деп айтылат Тажикстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго бакыт-таалай, бекем ден соолук жана жаңы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.