Бүгүн, 20-июлда, Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Курман айт намазы эпидемиологиялык абалдан улам аралыкты сактоо менен окулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, айт намазына саат 7:30да окулду.

«Майрамды утурлай Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов өлкөбүздүн жарандарын айт майрамы менен куттукташса, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кКеңешинини төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев жана Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев “Диний баалуулуктар, Курман айттын пазилеттери” деген темада баяндамасын жасап, куттуктоолорун узатышты», — деп айтылат маалыматта.

Муфтий Ракиев Курман айт намазында элди аруулукка, тазалыкка чакырды.

Ушундай эле айт намазы өлкөнүн бардык мечиттеринде санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

Возможно, это изображение (8 человек, люди стоят и в помещении)

Возможно, это изображение (2 человека и люди стоят)

Возможно, это изображение (1 человек и стоит)