Казакстан Республикасынын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

“Адеп-ахлактуулук менен ыймандуулукту, жаратмандык менен ырайымдуулукту даңазалаган берекелүү Курман айт Ислам дүйнөсүнүн биримдиги менен бакубатчылыгын арттыра берсин. Биздин жалпы аракетибиздин аркасында адамзатка эбегейсиз зор зыян келтирген COVID-19 пандемиясы артта калсын. Аллах Таала бизди ушул кыйынчылыктардан аман-эсен өткөрүп, өсүп-өнүгүүгүбүздү насип кылсын», — деп айтылат Казакстандын туңгуч Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу кызматында албан-албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык менен өсүп- өнүгүү каалады.