Кечээ, 19 – июлда катталган Лейлек районунун аймагындагы селдин кесепеттери боюнча  Лейлек Районунун Мамлекеттик Администрациясынын 12 : 00гө карата маалыматы.

2021-жылдын 19- июлундагы саат 16:00 чамасында Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айылында жалпы  селдин кесепетинен зыян тарткан 38 үй аныкталып,  кошумча турак үйлөр такталууда. Ак-Терек айылынын тургуну 2004 -жылы туулган Абдилахат уулу Абдилализ каттуу келген селден коркуп, эс учун жоготуп каза болуп калган. Мындан сырткары 3 жаранды ( 1кишинин кан басымы көтөрүлгөн, 1 боюнда бар келин, 1 келин колунда баласы менен селге аккан) тез жардам унаасы менен аймактык ооруканага алып барып, дарыгерлердин көзөмөлөлүндө турат. Ал эми Катраң айыл аймагынын Катраң айылынын Калта-Арык участкасында 15 үйгө сел кирген, калганы такталууда.

Ушул эле күнү Тогуз-Булак айыл аймагынын Тогуз-Булак, Миң-Жыгач, айылдарында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, селдин кесепетинен 10 үй жабыркаган, калганы такталууда. Болжол менен ири мүйүздүү 40 баш мал агып кеткен, майда малдардын саны такталууда. Жергиликтүү тургундардын тамаркаларына сел кирип, эгилген мөмө-жемиштерин толугу менен алып кеткен. Тогуз-Булак айылында азык-түлүк жүктөгөн жүк ташуучу  автоунааны чиркегичи менен агызып кеткен.

Исфана шаар мэриясында 2 сайдан келген селден улам сарайлар, ички жолдор, таза суу түтүктөрү зыянга учураган.

Жогорудагылардын негизинде айылдардагы таза суу, суугат суунун түтүктөру агып кеткендиктен, азыркы убакта жергиликтүү тургундары суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк жок болуп жатат.

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Алмазбек Рахманкуловичтин тапшырмасы менен Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Максатай Мамытбековна, аппарат жетекчи Акжол Нийматович, ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте алдын ала тактоо иштерин жүргүзүп, жергиликтүү тургундарга өз ордунда ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүдө.

Возможно, это изображение (1 человек, стоит, дерево и на открытом воздухе)

Лейлек Электр тармактар ишканасы тарабынан Лейлек жана Катраң айыл аймактарында зыянга учураган электр чубалгыларын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

ДЭП 13 ишканасы, тарабынан атайын техникалар коюлуп , Баткен -Исфана, Исфана- Катраң жолдорун тазалоо иштери жүргүзүлүп  жатат.

Учурда Лейлек райондук жарандык коргонуу комиссиясы өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен зыянды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Возможно, это изображение (на открытом воздухе и дерево)

Лейлек Районунун Мамлекеттик Администрациясы