Кечээ, 20-июлда, саат 17:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагындагы Достук, Чаңгыр-Таш айылдарына кокту-колоттордон түшкөн сел алты жаштагы кызды агызып кеткен. Суу турак үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Сузак — Кара-Дарыя жолун каптаган.

Бөбөктү табууга жана селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМдин ыкчам тобу жана 50 куткаруучу, айылдык 30 тургун жана техникалар тартылган.

«Жеринде издөө иштери жүргүзүлүп, кыздын сөөгүн туугандары тапкан», — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары уланууда.