Чүйдүн Аламүдүн районунда 3 өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июнь күнү Аламүдун районунун Аламүдүн айылындагы Кыргызстан жаңы конушунда жайгашкан суу сактагычка 2011-жылы туулган М.И. аттуу өспүрүм чөгүп кеткен. Баланын жансыз денеси суудан жергиликтүү тургундар тарабынан чыгарылган.

Ошондой эле Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы суу сактагычка 2 кыз 2004-жылы туулган Ж.к.А. жана 2007-жылы туулган С.Ж. чөгүп кетишкен. Куткаруучулар саат 18:07де бир кыздын саат 18:24тө бир кыздын суудан таап алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.