Стюардесса Кэт Камалани акыркы айларда стюардессалардын иштөө сырларын ачкан видеолору менен TikTok каналында популярдуулукка ээ болду. Ал авиакомпаниялардын стюардессаларга койгон  жөнүндө айтып берди.

Камаланинин айтымында, учуу учурунда стюардессалардын кийимдери авиакомпаниялардын катуу көзөмөлүндө болот.

«Сиздин авиакомпания тышкы көрүнүшүнө байланыштуу кандай шарттарды болбосун айта алат. Баштан-аяк: чачыңыздын, тырмактарыңыздын, эриндердиниздин түсүнөн, бут кийимиңиздин сырткы көрүнүшүнө, сумкаңызга чейин. Эч кандай татуировка жок болушу керек»,- дейт ал.

Кэт ошондой эле учуу менеджери эскертүү берсе, анда стюардесса чоң көйгөйлөргө дуушар болушу мүмкүн деп эскерет.

«Бул абдан катуу болчу. Ант берем, мен өзүмдү армияда жүргөндөй сездим. Андыктан стюардесса болууда сырткы келбетиңизге өтө катуу карайт»,- деп бөлүштү ал.

«Ошондуктан стюардессалар ар дайым жакшы көрүнөт, Ушундай эле нерсе авиакомпаниянын кызматкерлери жана аэропортто болот. Мага така  кийип, тырмактарымды белгилүү бир лак менен боёлуп, чачтарым ар дайым жасалгаланып, иретке келтирилген болуусу кажет. Кыскасы  талаптардын тизмеси узун.  Айрым авиакомпанияларда  көзгө бат урунган,узун сөйкөлөрдү тагынууга тыюу салынат»,- дейт ал.