Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов президенттин тапшырмасы менен Баткен облусуна жумушчу сапары менен барды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Марипов Жалал-Абад облусуна да барат.

Анын жүрүшүндө Марипов селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштердин жүрүшү жана бир катар объекттердин абалы менен таанышып, табигый кырсыктардан жабыркаган райондордун тургундары менен жолугушат.

Буга чейин тийиштүү мамлекеттик органдарга тийиштүү авариялык-калыбына келтирүү иштерин кыска мөөнөттө жана толук көлөмдө жүргүзүүсү тапшырылган.

Мындан тышкары, сел кырсыгынын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык көмөк көрсөтүлмөкчү.