Бүгүн, 21-июлда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенттер боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат.

Депутаттар Баткен облусунун статусун берүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатканда, жыйында отурган Токтайым Үмөталиева жанында отурган аялга массаж жасаганы видеокамерага түшүп калган.

Талкуу учурунда комитет мүчөлөрү Тажикстан менен чек аранын кайсы бөлүгү делимитациялангандыгы, эмне үчүн чыр-чатак болгон учурдан тартып үч айдын ичинде жабыркагандарга үйлөр курулбай жаткандыгына кызыгышты.