«Азаттык» башкадан хайп издесе да улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду жөн эле койсо болмок. Анткени жазуучунун уулу Аскар Айтматов видео тасмалар менен комго көргөзүп, «түндүк жерде жатат» дегинен болбой, архитектор Улан Бейшеналиевден интервью алып, залкар жазуучунун эл аралык аброюна шек келтиргиси келдиби же кандай…

Сөзүбүз куру болбош үчүн төмөндө Аскар Айтматовдун «Азаттыктын»  калпын чыгарган макаласын жарыялайбыз.

Анда, Аскар Айтматов макала менен таанышканын жана андагы келтирилген жүйөлөр менен макул эместигин, видео тасмалар менен келтирип берди.

Кечээ Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүндөгү түндүктү демонтаж кылганга байланыштуу «Азаттыктын»  макаласы менен тааныштым.

Анда Сиздин Чыңгыз Айтматовдун элесине, ошондой эле элибиз үчүн ыйык символу болгон түндүккө болгон вандализмди жана өтө сыйлабастыкты актоого аракет кылып жаткан билдирүүлөрүңүз камтылган.

Сиздин бул билдирүүлөрүңүз мени аябай таң калтырды жана өкүндүрдү.

  1. Сиздин айтууңузда, мүрзөнүн үстүнө түндүктү көтөрүү маселеси Бакиев доорунан бери көтөрүлүп келген. Ошол эле учурда, өзүңүздөр билесиздер, мемориалдык комплекс Курманбек Бакиев Кыргызстанда болбогон 2013-жылы курулган!
  2. Түндүктү көтөрүү талабы менен көптөгөн кайрылуулар болду деп жатасыз, анткени түндүктү жерде жатат деп ойлойбуз, ошонун айынан биздин эл дагы көтөрүлбөй жатат.

Комплекс ачылгандан бери өткөн сегиз жылдын ичинде мен эл өкүлдөрүнөн мындай талаптарды уга элекмин.

Түндүк жерге жатпай, бийиктиги жарым метрден кем эмес мрамор постаментине орнотулган. Ооба, Айтматовко түбөлүк үй болушу мүмкүн, ал эми түндүк бул үйдүн чатыры. Эң негизгиси, Айтматовдун мүрзөсүндөгү түндүктүн айынан элибизде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенине шегим бар.

  1. Сиздин сөзүңүз боюнча, «биз түндүктү ыргыткан жокпуз, бирок мүрзөдөн алып, ротондага илип койдук» дедиңиз.

Мына сиз ансыз деле ачык эле калп айтып жатасыз. Мүрзөдөн чыккан түндүк комплекстин жанындагы жерге ыргытылган. А шыпта  дагы бир стилдештирилген түндүк илинип  турат.

Мен келтирген фактыларды бекемдөө үчүн, сизге кайрылуумдун тиркемесинде кечээ тартылган видеотасманы жайгаштырып жатам.

  1. “Айрымдар эч нерсени билбей, түндүктөгү кырдаалга шилтеме жасап, ушак таратышат” деген сөзүңүз мени ачууландырды.

«Кээ бирлер» дегениңиз, албетте, мен — «Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму» коомдук бирикмесинин жетекчиси жана Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун башкы катчысы, белгилүү коомдук ишмер Ассоль Молдокматова .

Түндүктүн демонтаждалганын Ата-Бейитке кийинки сапарымда таптым, ал эми Ассол, менин сөзүм боюнча, окуя тууралуу материалды социалдык тармактарга жайгаштырды.

Сиздин мындай билдирүүңүз кыжырданууну жаратат!   Ассоль Молдокматовадан эл алдында кечирим сурашыңызды талап кылам.

Менден кечирим суроонун кажети жок!

Мага сиздин кечирим сурашыңыздын кажети жок!

Аскар Айтматов

21-июль, 2021-жыл.