Алдамчылар жарандарды алдоо үчүн көп учурда уюлдук телефондорду пайдаланышат. Алдамчыларды бир гана акча гана кызыктырат. Алдамчылардын  курмандыгына карылар, ишенчээк адамдар жана өспүрүмдөр дуушар болушат.

Телефондун контактарында бардык туугандарыңызды, досторуңузду жана тааныштарыңызды  жазыңыздар.

Белгисиз адамдардан келген каттарга жооп бербеңиз. Белгисиз номурлардан чалгандардан сак болуңуз.

ПИН-код (сыр белги) менен банктык карточканын номурларын талап  кылууга эч кимдин укугу жок.

Тарифдердин өзгөрүшү, жүргүзүлүп жаткан акцияларды, лотореяларды тактоо үчүн уюлдук операторго чалып маалымат алыңыздар.

Эгерде сиз күмөн санап жатсаңыз, анда сизге чалган досуңуздун жана тууганыңыздын уюлдук телефонуна чалууга аракет кылыңыз. Эгерде телефону өчүк болсо, анын кесиптештерине, досторуна жана жакындарына маалыматты тактоо үчүн байланышыңыз. Утуп алууларды каттоо бир гана телефон жана Интернет аркылуу гана жүргүзүлбөйт. Эгерде сизди акциянын уюштуруучусу кеңсеге документтер менен келүүнү айтпаса, анда  бул алдамчылык.

Эгерде сиз кылмыштуу аракеттерден жабыркаган болсоңуз, тез арада милицияга 102 телефонуна чалыңыз.

 

ИИМдин Басма  сөз кызматы