Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда 19-июль күнү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, социалдык объектилер турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, сугат каналдар, таза суу ичүүчү түтүкчөлөр зыянга учурады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селден улам келтирилген зыяндар тууралуу кабарлайт.

Ага ылайык: Облустагы жалпы маалымат:

* 107 турак жайга зыян келтирилип анын ичинен 50 турак жайдын ичине сел агындылары толгон;

* 1-мектептин, 1-мечиттин, 1-бала бакчанын короолоруна сел суулары кирген;

* ички чарбалык арыктардын 9550 метр аралыгын, ички чарбалык жолдордун 26 миң 385 метр аралыгын, 67 гектар үлүш жерлерди сел суулары каптаган;

* 4259 метр таза суу түтүктөрү, 23 даана сугат лотоктору, 7 даана темир бетон шакекче жабыркаган, 7 даана ички чарбалык көпүрөнү агызган;

* сугат суу каналынын болжол менен 80 метр аралыгы кум шагылга толгон;

* 27 баш уй, 2 баш музоо, 11 баш кой-эчкини агызган. Бүгүнкү күндө Ак-Терек айылында 21 турак жайдын ичиндеги сел калдыктары тазаланды (болжол менен 63 метр куб тазаланган). Тазалоо, калыбына келтирүү иштери улантылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан биринчи кезекте керектелүүчү 30 комплект чатыр, 60 коробка тазалык каражаттары жана 40 жаранга ылайыкташылган жууркан-төшөк Ак-Терек айылына жеткирилип берилди.