Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» борборунда “Көчмөндөр модасы – 2021” деп аталган эл аралык фестиваль өттү. Бул тууралуу аталган фестифальдын уюштуруучусу жана негиздөөчүсү Назира Бегим “Kadam-media.kg” маалымат порталына билдирди.
Анын айтымында, фестифалга 25 мамлекттен коноктор чакырылган. Иш-чара төрт күнгө созулуп, 10 мамлекеттен 44 адам катышткан.
“»WORLD NOMADS FASHION FESTIVAL. ISSYK-KUL 2021″ көл жээгинде өткөн көчмөндөр модасына эки конференция өткөрүлдү. Бирөөсү илимий, бирөөсү бизнесс чөйрөсүнө тиешелүү болду.
Илиймий конференцияга Россиядан, Казакстандан окумуштуулар келип катышты. Ал эми бизнесс конференцияга Япония, Түркия, Франциядан элчилигинен өкүлдөр келишти”,-дейт.
«Рух Ордо» борборунда өткөн фестифалда, ар кайсы өлкөлөрдөн келген дизайнерлердин эмгектери тартууланды. Алардын арасынан көчмөндөрдүн философиясын чагылдырып берген мыкты костюмдарды көрүүгө болот.