Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен районундагы селден жабыркаган бир катар айылдарга барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алсак, Марипов Лейлек районунун Катраң айылына барып, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты.

Улукбек Марипов өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүп жаткандыгын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кошумча күчтөрү тартылгандыгын белгиледи.

Таанышуунун жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы жашоо үчүн кооптуу аймактардан тургундарды көчүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

«Табийгат кырсыгы – тилсиз жоо. Биз кырсык качан кайталанаарын күтүп отурбастан, мындан ары курмандыктарга жол бербешибиз керек. Жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тургундарды кооптуу тилкелерден көчүрүү маселесин тездетүү зарыл. 2018-жылы көчүрүү процесси башталып, жер тилкелери жана курулуш материалдары бөлүнгөн. Бирок түшүндүрүү иштери начар уюштурулгандыктан, тургундар кооптуу тилкелерде жашап кала берген. Жергиликтүү тургундар арасында көчүрүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин активдештирүү керек», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан республиканын аймактарындагы табият кырсыгынын алдын алуу боюнча иш-чаралар жыйындысын күчөтүү тапшырмасы берилген.

«Негизгиси – селден Катран айылынын тургундары каза болгон жок. Зыяндын көлөмү бааланган соң, ырааттуу түрдө бардык жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт», – деди Улукбек Марипов.

Белгилей кетсек, Лейлек районунун Катран айылында жүргөн селден улам 28 турак-жай жабыркаган. Баткен облусунун Лейлек районунда жалпысынан 93 турак-жай жабыркаган.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Терек айылында сел кырсыгынын айынан 9-класстын окуучусу каза болгон үй-бүлөнүн акыбалынан кабар алды. Ал курман болгон баланын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.