Ысык-Көл облусунда кырсыктан беш адам каза болду. Бул тууралуу  активист Болот Ибрагимов өзүнүн Телеграм каналына жарыялады.

Анын айтымында, кырсык Чырпыкты менен Кош-Көл айылдарынын ортосунда 21-июлдун түнү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Lexus жана Mitsubishi унаалары кагышкан.